Белгилей кетсек, судья Канатбек Турганбековдун ысымы Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган. 2015-жылы Турганбеков сотто көрсөтмө берүүдө буларды айткан:
"2015-жылдын май айынын башында Жогорку Соттун башчысынын орун басары кызматында иштеп турганымда мага Данияр Нарымбаев телефон чалып, Назгүл Түлееваны кабыл алууну суранган. Кийинки күнү эртең менен Түлеева телефон чалып, биз жолукканбыз. Түлеева туугандарынын мүлкүн камактан чыгаруу маселесин чечип берүүнү суранганда "Эгер мүлктү камактан чыгарсак, эл эмне деп ойлойт?" деп жооп бергем. Жолугушуубуз 2-3 мүнөткө созулган".