Бүгүн, 19-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы Нарында ГЭС курууга 37 миллион доллар жумшалышы боюнча шектенүүлөрдү жүйөлүү деп тапканын депутат Алмамбет Шыкмаматов SUPER.KG порталына билдирди. Депутат акчанын каякка, кандайча жумшалганын ийне-жибине чейин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы текшериши керектигин айтат.
Депутаттын пикири боюнча, ГЭСтин аймагына курулган жатаканаларга жана башка курулуштарга эле 37 миллион доллар корошу мүмкүн эмес. Чын эле ушунча каражат коротулдубу? Баалар базар баасынан кымбат көрсөтүлүп, сол чөнтөктөргө бурулуп кеткен жокпу? Мунун баарын аудит жүргүзүү менен тактап чыгуу керек. Бирок Эсептөө палатасы “Кыргыз-орус келишимине ылайык, "Жогорку Нарын ГЭСтери" жабык акционердик коомунун уставдык капиталы кыргыз өлкөсүнүн “Электр станциялары” жана орусиялык “РусГидро” акционердик коомдорунун ортосунда паритеттик негизде 50-50 пайыздан бөлүнгөн” деп түшүндүрмө берүүдө. Тактап айтканда, Эсептөө палатасы мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан жогору болсо гана текшеребиз деп, аудит жүргүзүүдөн баш тартууда.
“Ал акча салык төлөөчүлөрдүн эсебинен кайтарылат да? Демек, мамлекеттин акчасы кайда коротулганын, сенин, менин төккөн салыгыбыз кайда кеткенин Эсептөө палатасы текшере алат. Буга мыйзам жол берет. Ал жагын Эсептөө палатасы айтпай жатат. Негизи, келишимде кетирилген чыгымды көзөмөлдөө эки тараптын Эсептөө палаталары тарабынан текшерилиши керек деген пункт бар”, - дейт Алмамбет Шыкмаматов.
Депутаттык комиссиянын билдиришинче, Орусия каражаттын кантип жумшалганын текшербей турганын билдирген. Албетте, бул кыргыз өлкөсүнүн баш оорусу. Анткени Орусияга келишимдин негизинде коротулган акчаны үстүбүздөгү жылдын августуна чейин кайтарып берүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу келишими 2012-жылы түзүлгөн. Биздин мамлекет өзүнө тийиштүү милдеттенмелерди аткарып, Орусия тарап милдеттерин аткарбай создуктургандыгы үчүн 2016-жылдын 20-январында Жогорку Кеңеш аталган ГЭСтерди куруу боюнча келишимден бир тараптуу чыгууну колдогон.
Эл арасында “жебеген самсага пул төлөп...” деген сөз бар. Өкмөт 37 миллион доллардын максаттуу пайдаланылгандыгы боюнча көз карандысыз эксперттерди жалдаса болот. Көз карандысыз эл аралык кеңешчилерди кыргыз өкмөтү “Кумтөр” чырында дагы жалдап, кыргыз тарапка пайдасы тийбеген ишке миллиондорду коротуп кала берген. Эгерде көз карандысыз комиссия ГЭС курулушуна чын эле 37 миллион доллар жумшалганын аныктаса, анда Кыргыз Республикасы бир төөдөн эки жолу жыгылат...
Жогорку Кеңештин жыйынына депутаттардын жапырт катышпай коюшу бүгүн да катталды. Бул күнү өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев Жалал-Абад облусундагы табият кырсыктары, анын элге келтирген зыяндары боюнча маалымат берди. Бир дубан элдин маселесин угууга 120 депутаттын ичинен 10у гана катышты. Мындай жоопкерчиликсиздикке депутат Мыктыбек Абдылдаев нааразычылык билдирип: “Жыйында 10 эле депутат отурат, мунун 6сы биздин фракциядан экен. Башкаруучу партиядан бир да депутат жок”, - деди.
1 миллиондон ашык адам жашаган Жалал-Абад облусунда соңку айларда жер көчкү, сел кырсыктары көп катталды. Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында бир нече жер көчкүсү жүрүп, адам өмүрү кыйылган учур дагы болду. Айылдын инфраструктурасы талкаланып, жашоочулар башка аймакка көчүрүлдү. Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүндө 2-майда катуу сел жүрүп бир катар үйлөрдү жарактан чыгарып, жүздөгөн малды агызып кетти.
Зыянга учураган жарандар жардам болобу деп өздөрү шайлаган депутаттары менен өкмөттү карап отурушат. Алардын көйгөйүн чечүүнү талап кылып өкмөттү ойготуп туруучу эл өкүлдөрүн минтип жыйындан издеп таппай калышууда. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, жыйынга себепсиз катышпаган депутаттардын айлыгынын 10 пайызы кармалат, алардын аты-жөнүн маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жарыялоо чарасы колдонулуп жүрөт. Бирок мындай жазалар эл өкүлдөрүнө таасир этпей калган. Иш маалында 110 депутаттын ордунда жоктугу, табият кырсыгынан жабыркап турган элдин көйгөйү сөз болуп жатканда жыйындан чыгып кетишкени депутаттардын жашоосунда экинчи этап башталганынан кабар берет. Шайлоо өттү, шайлоочунун артынан чуркаган заман да өттү, мандат колго тийди. Демек, ролдор алмашты. Эми депутаттар артынан чуркатуучу этап башталды.