Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 19-майда Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Арменияга барды. Жыйын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы талкууланат. Мындан тышкары өкмөт башчылардын бир катар жолугушуулары пландалып жатканын өкмөттөн билдиришти.
Кыргыз делегациясынын курамында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, вице-премьер-министр Олег Панкратов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги өкүлү Үсөн Усупов, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков жана башкалар бар.