Жогорку Кеңеште 19-майда “Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсепке алуу жөнүндө” парламенттин токтому кабыл алынды. Муну менен өкмөткө мамлекетке тийиштүү бардык мүлктү эсептеп чыгып, алардын наркын так аныктоо тапшырмасы берилди. Токой фондунун жалпы аянтын, минерал жана суу кору да такталууга тийиш.
Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматына караганда, учурда мамлекеттин карамагында 1957 административдик имарат, 3 миңге жакын жашоого ыңгайлашпаган жай, 1200 турак жай, 1059 жер тилкеси, 6336 автоунаа бар. Мындан тышкары өлкөдө 1561 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштейт.
Экономика министри Арзыбек Кожошев мамлекеттин бардык мүлкүн түгөлдөп чыгууга макул экенин билдирди.