Өлкөдө жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу үчүн кен ишканаларында бардык экологиялык нормалардын аткарылышын так көзөмөлдөө зарыл. Мындай пикирди президент Алмазбек Атамбаев 19-майда өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын төрагасы Канатбек Муратбеков менен жолугушууда айтты. Муратбеков өлкөнүн кен объектилеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана аларды иштетүү жаатындагы маселелер тууралуу айтып берди.
Мамлекет башчы инфраструктуралык, социалдык жана өнөр жай объектилерин курууда алардын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу максатында техникалык талаптардын атакарылышын көзөмөлдөө иши тууралуу да маалымат алганын кабарлашты президенттик аппараттан.