Педофилдерди өлүм жазасына тартууга 13 миңден ашуун кол топтолду

2015-жылдын 5-май айынан тарта активдүү жарандардан, ата-энелерден, жаштардан турган “Күчтүү үй-бүлө – күчтүү мамлекет” аттуу балдарды коргоо комитети педофилдерди өлүм жазасына тартуу үчүн 13 миңден ашуун кол топтоду. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында аталган комитеттин төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн аймагында өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук фактыларынын саны өсүп баратат. "ИИМдин маалыматына ылайык, 2010-жылы "16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо" беренеси боюнча 10 кылмыш иши ачылса, 2015-жылга чейин бул көрсөткүч өсүп жатып, былтыр 36 кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары "14 жашка толо элеги белгилүү болгон адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер" беренеси боюнча 2010-жылы жана 2011-жылдары 4 фактыдан катталса, 2015-жылы 37 факт катталган.

Ошондой эле акыркы 5 жыл ичинде өспүрүмдөрдү өлтүрүү боюнча сандарды карасак, 2010-жылы 14 факт, 2011-жылы 10 факт, 2012-жылы 13 факт, 2013-жылы 11 факт, 2014-жылы 10 факт жана 2015-жылы 15 факт катталган", - деди Молдокматов.

Айта кетсек, 2015-жылдын 24-декабрында пезидент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушууда "педофилдерге жана террористтерге өлүм жазасын колдонууга каршы эмесмин" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан