"Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 20-майда президенттик аппараттан маалымдашты. Мыйзам 2016-жылдын 14-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал донордук канды жана анын компоненттерин жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамдын нормаларын бузгандарга карата административдик жоопкерчилик чараларын карайт.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.