Өзбекстан тарап кыргыз футболчулары менен ойноодон баш тартты

2-июнда Ташкент шаарында футбол боюнча улуттук курамабыздын Өзбекстан курама командасы менен беттеши өтпөй турган болду. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы жарыялады.

Расмий маалыматка ылайык, оюн боюнча макулдашуу өзбек тараптын демилгеси менен жокко чыгарылды. Эмне себептен Өзбекстан тарап беттештен баш тартканын КРнын Футбол федерациясы белгилеген жок.

Айта кетсек, буга чейин 2-июнда Бишкекте кыргыз футболчуларынын Ливанга каршы беттеши пландалган. Бирок Ливандагы саясий абалга байланыштуу каршылаштар беттеш өткөрүүдөн баш тартышкан.

Учурда Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде Өзбекстан курамасы 66-орунду ээлеп турат. Ал эми Кыргыз Республикасынын курамасы 100-орунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (51)
tashi62
2016-05-21 13:44:28
Урматтуу супер инфо дагы кененирээк маалымат алгылачы чала жан кылбай????
+9
KGstan1981
2016-05-21 14:22:52
Спортко саясат аралашып кеткен сиздер билгендей акыркы жылдары расмий Ташкент менен расмий Бишкектин ортосунда саясий карамакаршылыктардын негизинде Озбекстан тарап Кыргызстан футболчулары менен ойного баш тарты бул меним жеке ойум.
+5
audi80
2016-05-21 14:50:24
Кучтуу курама командалар м.н ойногонду сунуш кылыш кылып ойносо кандай болот
0
tim11ai
2016-05-21 14:50:48
Тоготпой койдубу же корктубу ошондо?
+1
Crystal
2016-05-21 14:53:55
КЫРГЫЗДАР ,таш паш менен уруп жибереби деп коркушкан го
-3
FIFA.KR
2016-05-21 15:14:56
Разгром болобуз баарибир деп коркуштуда!
+3
jemile
2016-05-21 15:16:58
Тоготпосо, бары бир утабыз деп ойномокда
+3
Medinaa
2016-05-21 15:43:01
Ошондо кийинки беттеш кимдер менен болот?
+4
Taku.14.02
2016-05-21 16:39:49
Medinaa,Испания же Германия
+4
keba300989
2016-05-21 16:40:27
Чыдамсыздык менен күтүп жаттым эле Өзбектердин утулушун. АЛГА КЫРГЫЗСТАН
+4
Kani1994
2016-05-21 18:06:37
АЯБАЙ каадаланып жаткандары го...
+1
dubai
2016-05-21 23:02:03
Ислам дадаси жибербей койду да Алмаз байкебиз менен мамилеси бузулгандан кийин.
+2
pixel2015
2016-05-22 09:00:41
Таджикистан дын да айласын куруткан КЫРГЫЗ КУРАМАСЫ АЛГА!!!
0
nuri2605
2016-05-22 09:14:30
Эгер чын эле саясий кырдаалга байланыштуу болсо, анда жогорудагылары саясат менен спортту аралаштырбашы керек болчу. Ар биринин жолу башка. Башкысы биздин футболчуларыбызга чоон ийгилик, ким менен беттешишсе да
0
admin_portal
2016-05-23 14:54:28
X-peria, сайттын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
Manasemetei
2016-05-24 02:25:17
Туман
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан