Тажикстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө

Бүгүн, 22-майда Тажикстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум өтүүдө.

Республиканын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 12:00гө карата добуш берүүгө 2 миллион 933 миң адам катышкан. Бул сан тизмеге катталган жарандардын 66,6 пайызын түзөт. Тажикстандын мыйзамына ылайык, эгер добуш берүүгө катталгандардын жарымынан көбү референдумга катышса, анда референдум өттү деп жарыяланат.

"Республиканын Баш мыйзамына жалпысынын 41 өзгөртүү жана толуктоо киргизилмекчи. Айрым өзгөртүүлөргө ылайык, тынчтыктын жана улуттун биримдигинин негиздөөчүсү - улуттун лидери (Тажикстандын учурдагы президенти Эмомали Рахмон былтыр ушул макамга ээ болгон) "бир эле адам эки мөөнөттөн ашык катары менен президент боло албайт" деген мыйзамга баш ийбейт.

Мындан тышкары өзгөртүүлөр улутчул жана диний мүнөздөгү партияларды, кыймылдарды түзүүгө тыюу салат. Ошондой эле, өзгөртүүлөргө ылайык, президенттикке талапкердин жашы 35 жаштан 30 жашка төмөндөтүлөт", - деп жазышат тажикстандык басылмалар.

Референдумдун жыйынтыгы эртең, 23-майда жарыяланышы күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан