Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Ас-Сисиге Жер Ортолук деңизинде «Egypt Air» авиакомпаниясынын учагы кыйроого учурап, көптөгөн адамдар курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан оор жоготууга байланыштуу курман болгондордун туугандарына жана жакындарына, ошондой эле Египет Араб Республикасынын калкына чын ниеттен көңүл айтам», - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.