Болотбек Сүйүмбаев (сүрөттө) УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Президенттин башка буйругу менен Дүйшөнбек Чоткараев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.