Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгонун 23-майда президенттик аппараттан билдиришти. Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган мыйзам жеке менчикте турган жер тилкелерин коомдук муктаждыктар үчүн, ошондой эле энергетика чөйрөсүндөгү стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү үчүн сатып алуунун (алып коюунун) механизмин киргизүүгө багытталган. Ага ылайык, жер тилкесин мажбурлап коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу же сатып алуу, баасын аныктоо жөнүндө иштер сот тарабынан бир айга чейинки мөөнөттө каралууга тийиш.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.