Япониядан гранттык жардам алууга тийиштүү мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев кичи жана орто бизнестин товарларын сатып алуу үчүн Япония өкмөтүнүн долбоордук эмес гранттык жардам берүү боюнча кыргыз өкмөтү менен Япония өкмөтү ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 14-апрелинде кабыл алган.

Долбоордук эмес гранттын максаты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүнү алгалатуу боюнча көрүп жаткан аракеттерине көмөк көрсөтүү. Грантты кыргыз өкмөтү жалаң гана эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары макулдашкан тизмеде саналган продукцияны сатып алууга пайдаланат.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан