Бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын экс-башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соту өтөт. Тараптардын акыркы сөздөрүн айтуусу күтүлүүдө.
Буга чейинки жыйындагы жарыш сөздө Д.Нарымбаев "прокурорлор мени камакка алуу максатында фактыларды бурмалап жатышат" деген пикирин айткан. "Жогорку Кеңештин депутаттарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгына болгон прокурорлордун реакциясы аларга чындыктын кереги жок экенин көрсөттү. Прокурорлор ар түрдүү жолдор менен мага карата айыптоо өкүмүнүн чыгарылышына аракеттенип жатышат. Ал эми мага оор беренелер боюнча күнөөлөрдү тагып, менин камакка алынышымды көздөп жатышат", - деген Нарымбаев.
Х.Коркмазов жарыш сөздө Д.Нарымбаевдин суранычы менен Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеевага жардам бергени жатканын айтты. "Мен эч нерсени жашырбай, бардык маалыматтарды бердим. Коррупция боюнча иште мен ортомчу гана болгом. Мен Түлеевага адамча эле жардам берейин дегем", - деп айткан Коркмазов.
Айта кетсек, 2015-жылдын 27-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен экс-чиновник Данияр Нарымбаев 3 жылга, мурунку депутат Хажимурат Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.