Коркмазов коррупциялык иште ортомчу гана болгонун, Нарымбаев Башкы прокуратура фактыларды бурмалаганын айтты

Бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соту башталды. Тараптар акыркы сөздөрүн айтышты.

Данияр Нарымбаев өз сөзүндө ага карата өкүмдү чыгарууга сот гана укуктуу экенин билдирди. "Мен эч качан мыйзамды бузууга барган эмесмин, эл алдында жана тарых алдында тазамын. Тергөө баштала электе эле Башкы прокуратура бардык массалык маалымат каражаттарына мени күнөөлүү деп атаган. Бирок пара алып кармалган жокмун, суракка алынган эмесмин. Ошондуктан Башкы прокуратура мени кылмышкер деп атап, фактыларды бурмалаган. Депутаттардын жардамы менен айрым фактылардын бурмаланганын далилдей алдык. Башка фактылар жашыруун болуп калды", - деди Нарымбаев. Андан соң ал туугандарына, жердештерине, жардам берген депутаттарга жана журналисттерге ыраазычылыгын билдирди.

Коркмазов өз сөзүндө коррупциялык иште ортомчу гана болгонун айтты. "Мени актоону соттон суранам. Сот отурумдарынын жүрүшүндө Назгүл Түлеева да менин ортомчу болгонумду жана эч кандай жеке кызыкчылыкты көздөбөгөнүмдү айткан", - деди Коркмазов. Мындан тышкары Коркмазов прокурорлорго, журналисттерге, туугандарына ыраазычылыгын билдирди.

Судьялар коллегиясы кеңешүү бөлмөсүнө киришти.

Айта кетсек, 2015-жылдын 27-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен экс-чиновник Данияр Нарымбаев 3 жылга, мурунку депутат Хажимурат Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан