Жогорку Кеңеш жасалма 98 паспорттун Кытайдын жарандарына берилишин талкуулайт

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин 24-майдагы жыйынында Стамбул шаарында Кытайдын жарандарынын жасалма кыргыз паспорттору менен кармалышы талкууланды. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев кармалган кытайлык жарандар көрсөткөн паспорттор Мамлекеттик каттоо кызматында жасалбаганын билдирди. Жүргүзүлгөн иликтөө көрсөткөндөй, алардын номерлери Ош, Жалал-Абад шаарларынын, Кара-Суу, Өзгөн, жана Сузак райондорунун жарандарынын чыныгы паспортторунун номерлерине шайкеш келет. Аларды Өзгөн районунун 4 жараны (Стамбулда кармалгандар) жасаган.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов жасалма паспортторду Мамлекеттик каттоо кызматынын сыртында жасоого боло турганы күмөн экенин билдирди. “Паспортттун ар бир барагы 12 деңгээл менен корголгон. 100 паспортту жасап чыгаруу үчүн өтө сапаттуу бир жабдуу керек”, - дейт депутат. Депутат Каныбек Иманалиев кыргыз өлкөсү жасалма документтерди чыгаруучу фабрикага айланганын айтып, жасалма документ чыгаруучуларга карата жазаны катаалдаштырууну сунуштады.

Аталган маселени Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан