Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 2016-жылдын 10-мартында парламент тарабынан кабыл алынган "Кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө" мыйзамга президент Алмазбек Атамбаевдин каршы пикирине макул болду.
Эскерте кетсек, парламенттин 5-чакырылышынын депутаты Марат Султанов "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизип, республикалык бюджетке түшчү кирешени кайра бөлүштүрүү демилгесин көтөргөн. 2016-жылдын 10-мартында парламентте кабыл алынган мыйзамга ылайык, республикалык бюджетке каражаттын 80 пайызы, Ош облусунун жана Ош шаарынын өнүктүрүү фондуна 10 пайызы, Алай жана Чоң-Алай райондорунун өнүктүрүү фондуна 10 пайызы түшмөк.