Казакстандын маданият жана спорт министринин сөзү үчүн кыргыз тарап нааразычылык нотасын жиберди

Кечээ, 24-майда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчисинин кеңешчиси Ербол Ахметов чакырылды. Жолугушуунун жүрүшүндө коңшу өлкөнүн массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедулынын сөзүнө байланыштуу нааразычылык нотасы тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Билдирүүдө: "Өлкөбүздө терс маанайдагы талкууну жараткан Арыстанбек Мухамедиулынын Кыргыз Республикасынын кадыр-баркына шек келтирүүчү, мазактоо иретинде айтылган сөздөрү эки өлкөнүн өнөктөштүк мамилесине туура келбейт",- деп жазылган.

Мындан сырткары ТИМ казак телеканалдарында, анын ичинде мамлекеттик телеканалдарда акыркы кездерде кыргыз өлкөсү тууралуу терс маалыматтар көп бериле баштаганын да белгилеген.

Эскерте кетсек, казак министри Арыстанбек Мухамедулы жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу кеп кылып, кыргыз кыздарынын Орусияда даараткана тазалап жүрүшкөнү өкүнүчтүү экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан