Өлкөдө бардык судьялардын киреше жана чыгашалары ачыкка чыгарылышы мүмкүн

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 24-майда судьялардын кирешелери менен чыгашаларын ачыкка чыгарууга багытталган “Кыргыз Республикасынын судьяларынын макамы жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун жактырды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам долбооруна ылайык, сот системинде иштеген бардык судьялар жыл сайын кирешелери менен чыгашалары тууралуу декларация тапшырууга тийиш. Буга чейин сот органдарынын жетекчилиги гана декларация тапшырып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан