Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 24-майда террордук жана экстремисттик жосундарды жактагандарга жазаны катаалдаштырууга багытталган мыйзам долбоорун жактырды.
Депутат Улан Примовдун айтымында, мыйзам долбоору аркылуу Административдик кодекске террордук жана экстремисттик жосундарды жактаган жактарга карата административдик жоопкерчиликти караган берене сунушталууда. Ага ылайык, эгерде административдик жоопко тартылгандан кийинки 1 жыл аралыгында андай жосундары кайра кайталанса, ал адамга кылмыш иши козголот. Согуш жүрүп жаткан аймакка эрезеге жете элек балдарын алып барган ата-энелердин жаза жоопкерчилиги да каралууда. Бул жаатта мыйзам бузгандар 3-5 жылга чейин эркинен ажыратылмакчы.
ИИМ маалыматына таянсак, учурда согуш болуп жаткан Сирия аймагында Кыргыз Республикасынын 500дөй жараны жүрөт.