"Педофилдерге карата өлүм жазасын колдонууну Конституцияга референдум жолу менен киргизсе болот", -деди Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев 25-майда “Парламент” радиосунун түз эфиринде. Депутат мындай жаза берүүнү коомчулук колдоп гана эмес, талап кылып жатканын белгилейт.
"Балдардын зордук-зомбулуктарга кабылышы олуттуу көйгөй болуп жаткандыктан, аларды кордоого алган педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча коомчулукта кол топтоо өнөктүгү 2015-жылы башталган. Азыр алардын эсеби 11 миңге жетип калды", - дейт депутат.
“Күчтүү үй-бүлө – күчтүү мамлекет” балдарды коргоо комитетинин төрагасы Жеңиш Молдокматов педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча башталган кол топтоо акциясы 1-июндан тартып бардык аймактарда кайра жандана тургандыгын билдирди.