Жогорку Кеңеш паспорт жасоо ишин толугу менен мамлекетке алууну сунуштады

Жогорку Кеңеш 25-майда Кытай жарандарынын Түркиядан 98 жасалма кыргыз паспорту менен кармалышы боюнча өкмөттүн маалыматын укту.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев кармалган кытайлык жарандар көрсөткөн паспорттор Мамлекеттик каттоо кызматында жасалбаганын билдирди. Иликтөөдө паспорттордун чыныгы ээлери Ош, Жалал-Абад шаарларында, Кара-Суу, Өзгөн, Сузак райондорунда жашай тургандыктары белгилүү болгонун айтты.

"Паспорт ээлерине барганда паспорттору колунда экени аныкталды. Алар умрага (ажылыкка) бекер алып баруу боюнча лотерея уюштурабыз деп топтогондорго беришкен. Накта паспортторго Сауд Арабиясына виза алынгандан кийин “умраны утпай калдыңар” деп кайра ээлерине кайтарылып, ал жарандардын маалыматтары боюнча жасалма паспорттор даярдалган. Бүгүнкү күндө 5 жаран Стамбулда кармалып турат. Биз чыныгы паспорттор ээлеринин колунда тургандыктан, кытайлык жарандардын колундагылар жасалма деп ишенимдүү айта алабыз”, - дейт Сарпашев.

Депутаттар мамлекеттик документтерди жасоо ишин толугу менен мамлекеттин карамагына алуу, документ жасоого керектүү жабдууларды сатып алууга акча табуу, документтерди жасалмалаган адамдарга кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү сунуштарын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан