Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев суициддин алдын алуу үчүн мектептерге психолог адистигин киргизүү зарылдыгын билдирди. Депутат муну ишке ашыруу үчүн каржы булагын караштырууну өкмөткө сунуштады. Депутат психолог адистерин киргизүү менен бюджеттен кошумча 185 миллион сом талап кылынарын белгиледи.
Өлкөдө 2014-жылы 106 бала өз жанын кыйса, анын 85и мектеп окуучусу болгон. 2015-жылы суицидге барган 96 баланын 83ү мектеп окуучусу экени айтылды. Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева өспүрүмдөр арасындагы суицид көйгөйүн жалгыз эле мектеп жамааты менен чечүүгө болбосун, бирдиктүү аракет керектигин белгиледи.