Дастан Бекешев өспүрүмдөрдү өз өмүрүн кыюуга үндөгөн сайттарды жабууну сунуштады

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында өспүрүмдөр арасында өз өмүрүн кыюу маселеси каралды. Жыйын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев интернетте өзүн өзү өлтүрүүгө өспүрүмдөрдү үндөгөн сайттарды жабууну сунуштады.

"Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр интернетте көп отурушат. Айрым интернет-сайттарда өз өмүрүн кыюуга үндөөлөр камтылат экен. Жашы жете элек балдар ошол маалыматтарды окуп алып, өз жанын кыйышы мүмкүн. Ички иштер министрлиги мындай сайттарды текшерип, эгер аталган чакырыктар болсо, жаап салыш керек", - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан