25-майда Ош облусундагы Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Эржигит Пасанов шайланган. Анын талапкерлигин жергиликтүү депутаттардын көпчүлүгү колдогон.
Эржигит Пасановду "Ата Мекен" фракциясынын 2014-жылдын 20-августундагы кезексиз жыйынында мурунку ички иштер министри Абдулда Суранчиев уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын арасына кошкон. Анда Эржигит Пасановду "Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү" деп белгиленген эле.
Ал эми Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы бул тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"Ички иштер министрлиги менин уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү менен сүрөткө түшкөнүм үчүн мени да уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрүнүн тизмесине киргизип коюптур. Бирок менин кримчөйрөгө эч кандай тиешем жок. Мен спорт менен машыгам, ар кандай адамдар менен катташам, сүрөткө түшөм. Айрымдар мага тоскоол кылуу үчүн ушактарды таратып жатышы мүмкүн. Мен эч кандай жаман иш кылган эмесмин".