Жогорку Кеңештин 26-майдагы жыйынында “Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Демилгечилердин бири, депутат Аида Салянованын айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында үйлөнүү тойлорду, үй-бүлөлүк салтанаттарды, аза күтүү каадасын, көзү өткөндөрдү эскерүүгө арналган иш-чараларды өткөрүүдөгү ашыкча ысырапкорчулукту жоюуга багытталган.
Талкууда депутат Тазабек Икрамов кыргыз элинин улуттук оюндарына мыйзам долбоору аркылуу тыюу салынып калбашы керектигин белгилесе, депутат Чолпон Султанбекова ысырапкорчулук менен коштолгон той өткөрүүгө тыюу салуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге гана эмес, жалпы элге тийиштүү болушу керектигин айтты. Салянова коомдук талкууларда ашыкча чыгымдарды аткаминерлер кылып жатканы белгиленгенин, андыктан эл элитаны ээрчигендей болушу керектигин билдирди.
Демилгечилер ажылыкка узатуу жана тосуп алууну же диний жөрөлгөлөрдү мыйзамга киргизбөө боюнча бир катар депутаттардын пикирине кошулушту. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам кабыл алынып калса, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өткөргөн тойлорго келген адамдардын саны, тойго сойгон малдын саны чектелет.