Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын 27-майдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору жактырылды.
Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков макулдашуу эки тараптуу экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө түрткү берип, түз инвестициялардын агымынын артышына өбөлгө түзөрүн айтты. Инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо, капитал салууга байланышкан тобокелчиликтер менен коркунучтарды азайтуу - макулдашуунун негизги максаты.
Фракция лидери Бакыт Төрөбаев Экономика министрлигинде азыркы учурда 70тей долбоор инвесторлорго даяр экенин белгиледи.