Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызы 2016-жылдын 30-апрелине карата 3 миллиард 695 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуу деңгээлин колдоо максатында өкмөт, 2013-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган артыкчылыктарга ылайык, тышкы зайымдарды тартуу саясатын жеңилдетилген гана шарттарда жүргүзүүгө тийиш. Буга байланыштуу тартылган бардык тышкы насыялардын 99 пайызы 0,75-2 пайыздагы жеңилдетилген пайыздык коюм менен 40 жылга чейин тындыруу мөөнөтүндөгү насыялар болуп саналат. Тышкы зайымдардын 90 пайыздан ашууну ар кандай инвестициялык долбоорлор боюнча тартылган.