Депутаттар Манас орденин даражаларга бөлүүнү алып салууну сунушташууда

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 30-майдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, 1-окууда жактырылды.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо мамилелерин тариздейт, мамлекеттик сыйлыктардын укуктук макамын, сыйлангандардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт. Мамлекеттик сыйлыктарды бирдейлештирүү максатында долбоордо Манас орденин даражаларга бөлүүнү алып салуу сунушталат. “Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу”, “Кыргыз Республикасынын Эл акыны”, “Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү”, “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” өзгөчө ардак наамдары сакталат.

Мамлекеттик сыйлыктардын системинен төмөнкү медалдар алынып салынат: “Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн”, I, II даражалары, “Кайрымдуулук үчүн” (“За благотворительность”), “Эмгек ардагери” (“Ветеран труда”).

Ошондой эле мыйзам долбоорунда "сыйланган адам оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде гана мамлекеттик сыйлыктан ажыратылышы мүмкүн" деген ченем каралган.

Мындан тышкары "балдарынын бири оор жана өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон учурда энесин Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт" деген жобо белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан