Жанар Акаев: "Жарандар депутаттардан көбүнчө кызмат же сыйлык сурашат"

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 30-майдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев жарандардын көбү депутаттарга эки сураныч менен кайрылып жатканын айтты.

"Жарандар депутаттардан көбүнчө кызмат же сыйлык сурашат. Мамлекеттик сыйлык менен башкаларга үлгү боло турган адамдарды сыйлаш керек. Мисалы, буга чейин президент Алмазбек Атамбаев өзү чек арачыларды сыйлаган. Каралып жаткан мыйзам долбоору турмуштун зарылчылыгынан келип чыккан", - деди Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан