ИИМ: Мелис Турганбаев ички иштер министри кызматынан өзү жазган арыздын негизинде бошотулду

Ички иштер министри Мелис Турганбаев ээлеген кызматынан өзү жазган арыздын негизинде бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ички иштер министринин кызматтан кетүү тууралуу жазган арызына 30-майда президент Алмазбек Атамбаев кол койгондугу тууралуу маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Мындан башка комментарий бере албайбыз", - деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, бүгүн өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин сунушу менен ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу кызматына буга чейин Бишкек ШИИББинин башчысы болуп иштеп келген Кашкар Жунушалиевди дайындаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан