Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 6-апрелден 12-апрелге чейин "Манастын урпактары - дени сак улут" аттуу спорттук мелдештин экинчи айлампасы өтөт. Анда спорттун 14 түрү боюнча таймашуу болуп, спорт боюнча райондордон алдынкы орунду ээлеген мектеп окуучулары катышат. Эскерте кетсек, аталган спорттук мелдештин биринчи айлампасы 25-марттан 30-мартка чейин өткөрүлгөн. Анда 1-орунду аталган шаардагы Горький орто мектеби, 2-орунду Ленин атындагы орто мектеп, 3-орунга Киров атындагы орто мектеп татыктуу болгон.