Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин 30-майдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Демилгечи депутат Максат Сабиров долбоор жашы жете электердин эмгек укуктарын коргоо жана маданият кызматкерлери менен мөөнөттүк эмгек келишимдерин түзүү тажрыйбасын кеңейтүү максатында иштелип чыкканын билдирди.
"Эл аралык эмгек уюму кинематографтын чыгармаларын жана театрдык коюуларды түзүүдө балдардын эмгегин пайдалануу боюнча кооптонуу билдирип жаткандыгына бир нече жыл болду. Андыктан кинематография, театр, театр уюмдарында жана концерттик уюмдарда, цирктерде, маданий-массалык иш-чараларда 18 жаш курагына толо элек адамдар менен ден соолугуна жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыянсыз чыгармаларды түзүүгө жана аткарууга катышуу үчүн ата-энелеринин биринин жазуу жүзүндөгү макулдугу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен жол берүүнү караган ченем киргизилүүдө", - деди Сабиров.
Комитет мыйзам долбоорун жактырды.