Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-майда иш сапары менен Казакстан Республикасына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Сапар алкагында мамлекет башчысы Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын Астанада өтө турган жыйынына катышат.