Өмүрбек Текебаев 2011-жылы козголгон кылмыш ишинен улам Кашкар Жунушалиев кызматтан алынганын эстетти

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын 31-майдагы жыйынында Кашкар Жунушалиевдин ички иштер министри кызматына талапкерлиги каралды.

Жыйындын жүрүшүндө фракция лидери Өмүрбек Текебаев 2011-жылы Башкы прокуратура куралды сатууга лицензияны мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, мындан улам К.Жунушалиев кызматтан бошотулганын эстетти. "Сиз өкмөттүн мүчөсү болгону жатасыз. Кылмыш иши боюнча маселени журналисттер же депутаттар көтөрүшү мүмкүн. Баарын ачык айтышыңыз керек", - деди Текебаев.

"Февраль айында кызым курал сатууга ИИМден лицензия алган болчу, апрелде аны кайра тапшырган. Курал сатуучу дүкөнү иштеген эмес, бир да курал сатылган эмес. 2011-жылдын сентябрь айында лицензияны мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш иши козголуп, мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, анын орун басары жана мен фигурант болгонбуз. Мамлекетке зыян келтирилбегендигинен кылмыш иши токтотулган", - деди Жунушалиев.

Жыйындын жыйынтыгында "Ата Мекен" фракциясы Кашкар Жунушалиевдин талапкерлигин бир добуштан колдогону маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан