Ушул жылдын 2-5-июнь аралыгында кыргыз жергесине расмий иш сапары менен Европалык кызматтын тышкы ишмердүүлүгү боюнча башкы катчысы Ален ле Руа келет.
Иш сапарынын алкагында башкы катчы президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен жолугат. Аталган иш-чарада Европа биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы саясий кырдаал, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактагы актуалдуу көйгөйлөр талкууланат.