Чыныбай Турсунбеков: "2015-жылы Түркиядан келген түз инвестициянын көлөмү 105,7 миллион АКШ долларын түздү же 3,6 эсе көбөйгөн"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 31-майда Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылычты кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Чыныбай Турсунбеков эки мамлекеттин парламенттеринин ортосундагы байланыштардын ырааттуу өнүгүшүнө токтолуп, жеке эле парламенттердин ортосунда эмес, парламент аппараттарынын деңгээлиндеги тажрыйба алмашуунун зарылдыгын баса белгилеп, 2016-жылы кыргыз-түрк мамилелерине жаңы дем кошула тургандыгына бекем ишенерин айткан.

"Эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринин артыкчылыктуу багыттары экономикалык кызматташуу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусунда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн белгилүү бир өлчөмдө төмөндөшүнө карабастан, 2015-жылы Түркиядан келген түз инвестициянын көлөмү 105,7 миллион АКШ долларын түздү же 3,6 эсе көбөйгөн", - деди төрага.

Мындан сырткары Чыныбай Турсунбеков Түркия энергетикалык жана гидроэнергетикалык чөйрөдө дагы чоң тажрыйбага ээ экенин, кыргыз өлкөсүнө чакан жана орто ГЭСтерди куруу маселесине ири түрк инвестицияларын тартууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Элчи Метин Кылыч эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык жана экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө өз салымын кошо турганын билдирип, соода-экономикалык кызматташууга, айрыкча, тоо-кен өнөр жайы тармагына өзгөчө көңүл бурду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан