Бишкек шаарындагы Октябрь районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп Нурбек Курманбеков дайындалды

Бишкек шаарындагы Октябрь районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп Нурбек Курманбеков дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-июнда билдирди.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Албек Ибраимов кечээ, 31-майда кол койгон. Буга чейин Нурбек Курманбеков Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүн жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан