Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина Евразия экономикалык биримдигинин соттук кызматына дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим 31-майда Казакстанда өткөн ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жыйынында кабыл алынды.
Айта кетсек, Галина Скрипкина Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетин жетектейт.