Бүгүн, 1-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдардын онкология жана гематология бөлүмүнө барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Бул сапарда президентти жубайы Раиса Атамбаева жана саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев коштоп жүрүштү. Алар бейтаптардын кандай шарттарда дарыланып жатканы менен таанышып, дарыланып жаткан балдар, алардын ата-энелери жана кызматкерлер менен сүйлөшүштү. Президент балдардын онкология жана гематология бөлүмүнө 5 миллион сомдук материалдык жардамга сертификат тапшырды.
"Башкысы, балдар оорубашы керек. Ар бир ата-эне балдарынын оорубашын каалайт. Баланын ооруганын көргүчө, өзү ооруганы жакшы. Биз өзүбүздүн бактыбызды балдарыбыздын ден соолугу менен байланыштырабыз", - деди президент.