Депутаттар Кашкар Жунушалиевден "Коопсуз шаар" долбоору болобу?" деп сурашты

Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйынында ИИМдин башчысы кызматына Кашкар Жунушалиевдин талапкерлиги каралып жаткан учурда депутат Анвар Артыков талапкерден "Коопсуз шаар" долбоору болобу?" деп сурады.

Жунушалиев буга төмөнкүдөй жооп берди:

"Бүгүнкү күндө "Коопсуз шаар" милиция кызматына керектүү долбоор. Өкмөт да аны ишке ашырууга кызыкдар. 3-июнда аталган долбоор боюнча сот отуруму өтүп, токтом чыгары күтүлүүдө. Андан соң мыйзам чегинде долбоорду ишке ашырам. Айтыш керек, бул долбоорду жергиликтүү бийлик менен ишке ашырууга туура келет".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан