Жанар Акаев "Ошто МАИ кызматкерлерин эч ким тоготпойт" деп, Жунушалиевден бул маселени чечүүнү суранды

Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйынында Ички иштер министрлигинин башчысы кызматына Кашкар Жунушалиевдин талапкерлиги кароодо депутат Жанар Акаев ИИМди реформалоо ишке ашпаганын билдирди.

"Жакында телеберүүдө Ош шаарында МАИ кызматы жүргүзгөн рейд көрсөтүлдү. МАИнин аброю жок, эч ким тоготпойт, эч ким укпайт. Бул маселени чечиш керек. МАИ кызматына жаңы кан киргизиш керек. Жалпы Ички иштер министрлигин реформалоо сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө болсо жакшы болмок. Эстонияда, Грузияда жүргүзүлгөн реформалар бизде иштесе деген тилегим бар", - деп кайрылды Жунушалиевге Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан