31-майда Астана шаарында болгон саммиттин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин суранычы менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз жергесинен Казакстанга картошканы киргизүүгө казак өкмөтүнө тапшырма берди. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда маалымат жыйындын жүрүшүндө президенттик аппараттын башчысынын орун басары Сапар Исаков билдирди.
"Казакстандын президентине ыраазычылык билдиребиз. Биз экспорттолчу картошканы лабораториядан текшерүү милдетин алып жатабыз. Биздин Айыл чарба жана мелиорация министрлигибиз бул багытта иш жүргүзүшү керек. Жакын арада бул маселе чечилет", - деди Исаков.
Айта кетсек, Казакстандын Айыл чарба министрлиги 4-майдан тарта Кыргыз Республикасынан картошка алууну убактылуу токтоткон. Казакстандык массалык маалымат каражаттары билдиргендей, акыркы убактарда Казакстанга кыргыз жеринен илдетке чалдыккан (нематода) картошка киргизилип жатканы байкалган.
"Ушул жылдын январь айынан тарта уулануу боюнча 79 факт катталган. Казак тарап Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу келишимдин жоболоруна ылайык жана Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эл аралык конвенцияга таянуу менен 4-майдан тарта кыргыз өлкөсүнөн картошка алууга тыюу салган. Мындан улам кыргыз жергесине аталган продукциянын миңден ашуун тоннасы кайтарылган.
Карантинге алынган продукциянын киргизилишинен анын массалык түрдө жайылышы мүмкүн экенин эске алып, казак өкмөтү кыргыз тарапка тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча кайрылуу жолдогон. Бирок ушул мезгилге чейин кыргыз тараптан чаралардын көрүлүшү тууралуу эч кандай маалымат келген жок", - деп жазышкан казакстандык басылмалар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин орун басары Руслан Бейшенкулов билдиргендей, Казакстандан 88 тонна картошка кайтарылган.
“Быйылкы жылдын башында Казакстан Кыргыз Республикасынан келген картошкадан алтын түстүү нематода деген илдет табылганы боюнча маалымат берген. Биз дароо чара көрүп, картошканы атайын лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөрүп, таза болгондорун гана жибергенбиз. Бул тууралуу Казакстанга 2-3 жолу жолдомо кат жиберип, азык-түлүккө гана колдонууга болорун айтканбыз. Нематода - картошканын илдети, адамдын ден соолугуна эч кандай таасир бербейт. Анын зыяндуулугу түшүмдүүлүктү гана азайтат”, - деп түшүндүргөн Бейшенкулов.
Анын пикири боюнча, Казакстандын кыргыз өлкөсүндө өстүрүлгөн картошкага тыюу салышынын эч бир илдетке байланышы жок. “Казакстанда быйыл картошка көп айдалгандыктан, казак тарап өздөрүнүн дыйкандарынын кызыкчылыгын коргоого аракет жасап жатат”, - деп баса белгилеген Р.Бейшенкулов.