Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында Баткен облусунун Кадамжай районунда суу ташкынында калган унаадагы 6 жашар баланы куткарып калган эки жаранды сыйлоо сунушталды.
Депутат Иса Өмүркуловдун айтымында, өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл чукул кырдаалдарда ыкчам аракетке келип, натыйжалуу иштеп жатат.
"Кырсыктын кесепеттерин жоюп, жабыркаган элге жардам берүүдө ӨКМнын райондордогу бөлүмдөрү жакшы иштерди алып барышкан. Кадамжайда орун алган суу ташкынында калган унаадагы 6 жашар баланы өз өмүрлөрүн коркунучка салып куткарып калган жергиликтүү эки жаранды мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чукул кырдаалда аракетке келүүчү техникалары эскирген, абалы начар, керектүү техникалар жетишсиз. Аларды жаңы техникалар менен камсыз кылуу зарыл", - деди Өмүркулов.