Жогорку Кеңештин 2-июндагы пленардык жыйынында КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев капиталдык курулуштар боюнча маселени көтөрдү.
Анын айтымында, өкмөт капиталдык курулуштарды бюджетке киргизип, бирок каржы убагында бөлүнбөгөндүктөн, мындан эл да, өлкөнүн бюджети да зыян тартууда. Анткени каралган акча майдаланып бөлүнүп берилет да, курулуштун убактысы бир нече жылдарга созулуп кетет. Бул убакытта курулуш объектилери жаанда, селде калып, четинен жараксыз абалга келүүдө.
"Ошондуктан социалдык объектилерге каралган акчаны толугу менен бөлүп берип, курулушту аягына чыгарсаңар. Болбосо кичинеден берип, бюджетке зыян келтирүүнүн кереги жок. Объектинин бүткөн бөлүгү кайра бузулуп, бюджеттен кошумча акчаларды талап кылып жатпайбы. Мындай көрүнүштөр өлкө боюнча жетишерлик", - деди депутат.