Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-июнда Америка Кошмо Штаттарынын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын “Демократия үчүн өнөктөштүк” комиссиясынын төрагасы, конгрессчи Питер Роскан башчылык кылган комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы-Америка парламенттер аралык кызматташтыгынын маселелери талкууланганы белгилүү болду.
"Кыргыз парламентинин ишмердигин мындан ары жакшыртуу жана анын ролун арттыруу, ошондой эле өлкөдө демократияны чыңдоо үчүн Жогорку Кеңеш менен АКШ Конгрессинин ортосундагы өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн маанилүү экендиги белгиленди", - деп айтылат маалыматта.