Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдады.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылы 21-апрелде кабыл алган.
"Бул мыйзамды кабыл алуу зарылдыгы "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын мазмунунан келип чыкты. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы кодекстин мыйзамга караганда көбүрөк юридикалык күчкө ээ экендигине байланышкан".

Мыйзамдардын ченемдери кодекстердин ченемдерине дал келбей калган учурларда кодекстерге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин гана колдонулары белгилүү болду.

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн башка жол-жоболорун карайт. Ушуга байланыштуу карама-каршылыктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине тийиштүү оңдоолор киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан