“Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам 2016-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

"Мыйзамдын максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоо системин жана кызматчылардын натыйжалуу, жемиштүү жана жоопкерчиликтүү иштөөсүнө түрткү болуучу материалдык жана материалдык эмес мотивдештирүү механизмдерин жакшыртуу. Кызматкердин ишмердигинин жыйынтыктары, сиңирген эмгегине жараша баа берүү жана кызматка көтөрүү бири-бирине тыгыз байланыштырылган", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан