Саясий серепчи Бакыт Бакетаев: "Коомубуз ак менен караны айырмалаганды үйрөнүп калды"

"Коомубуз ак менен караны айырмалаганды үйрөнүп калды", - деген пикирин бүгүн, 3-июнда маалымат жыйынында саясий серепчи Бакыт Бакетаев айтты.

"Эгер мурда өлкөбүздү "демократиянын аралы" деп аташса, бүгүнкү күндө "парламентаризмдин аралы" дешүүдө. Биз муну менен сыймыктанышыбыз керек. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында мушташтар болгон, тосмодон ашып өтүүгө чейин жеткен учурлар орун алган. Азыр болсо мушташтарды байкабай калдык. 6-чакырылыштын депутаттарынын алдында парламенттик маданиятты бекитүү милдети турат. Ооба, коом тарабынан сын-пикирлер айтылып турат, бирок коомубуз ак менен караны айырмалаганды үйрөнүп калды. Жакшы иштерди мактап, жаман иштерди сындап турушат. Сөз эркиндиги - биздин өзгөчөлүгүбүз. Ушуну парламент билип, колдоп турушу керек", - деди Бакетаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан