"Кыргыз Республикасында парламентаризмди орнотуу - конституциялык эксперимент эмес". Мындай пикирин бүгүн, 3-июнда маалымат жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Өлкөбүздө парламентаризм бекемделди деп айтууга али эрте. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында биз коалицияны, комитеттерди түзүүгө жаңыдан үйрөнүп жатканбыз. Фракциялар министрликтерди, акимчиликтерди бөлүштүрүүнү билишкен эмес. Парламентаризмди орнотуу процесси башталып, бүгүнкү күнгө чейин жүрүп жатат. Биз парламенттик системди жаңылоо жана өнүктүрүү керектигин түшүндүк", - деди Бекешев.